• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ташкентте кыргыз-өзбек достугу кечеси өтөт

Маданият 0

Ташкент, 11.02.21. /Кабар/. “Кыргызстан-Өзбекстан” достугу коому ушул жылы 15-февралда “Навои жана Бабур достуктун жана сүйүүнүн акындары” темасында тегерек стол уюштурат. Бул тууралуу “Кабарга” “Кыргызстан-Өзбекстан” достук коомунун төрагасы, белгилүү өзбек манас таанучу, филология илимдеринин кондидаты, доцент Зухритдин Исамутдинов билдирди.

Анын айтымында, тегерек столдун күн тартибинде элдик дипломатия чөйрөсүндө кыргыз-өзбек достугун мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулоо каралган. “Иш-чарада Навои жана Бабурдун чыгармаларынын кыргыз тилиндеги котормосуна жана бул саамалыкты Кыргызстан менен Өзбекстандын жазуучулары менен адабиятчыларынын катышуусунда улантууга өзгөчө көңүл бурулат”,-деп белгиледи ал.

Аталган иш-чарага кыргыз эл акыны, “Ала-Тоо” журналынын башкы редактору Маркабай Ааматовдун жана жазуучу, Бабур эл аралык фондунун кыргыз бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргызстан жазуучулар бирикмесинин мүчөсү Бегижан Ахмедованын, өзбек адабий дүйнөсүнүн өкүлдөрү, чет элдик жана жергиликтүү ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий