• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкентте Кыргызстан менен Россиянын ТИМ башчылары жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 28.03.18. /Кабар/. КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Ташкентте өтүп жаткан Афганистан боюнча эл аралык конференциянын алкагында Россиялык коллегасы Сергей Лавров менен жолугушту.

КР ТИМнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Абдылдаев 26-мартта Кемерово шаарында болгон каргашалуу окуяга байланыштуу көңүл айтты. Белгилей кетсек, Кыргызстандын эли жана өкмөтү “Зимняя вишня” соода борборунда болгон өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын кайгысын тең бөлүшөт.

Жолугушуунун алкагында тарапта кыргыз-россия кызматташтыгы жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара алакаларды талкуулашты.

Ошондой эле тараптар алдыдагы кыргыз-россия Өкмөттөр аралык комиссияга болгон даярдыктар тууралуу сөз кылышты.

Пикир

Оставить комментарий