• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкентте Кыргызстан жана Өзбекстан Коопсуздук кеңештеринин катчылыктарынын консультацияларынын экинчи раунду өттү

Саясат 0

Бишкек, 18.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 17-мартта Ташкент шаарында өзбек кесиптеши Виктор Махмудов менен бирге КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Өзбекстан президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин аппаратынын ортосундагы консультациялардын экинчи раундун өткөрдү.

Консультациялардын жүрүшүндө аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, терроризмге, экстремизмге, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы күрөшүү жаатындагы биргелешкен чаралар, аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдөгү кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, чек арага жакын аймактарда табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктардын алдын алуу жана аларды тез арада жоюу жаатында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Марат Иманкулов белгилегендей, бул иш-чара мамлекет башчыларынын тынчтыкты колдоочу саясатынын логикалык уландысы болуп саналат жана Кыргызстан менен Өзбекстандын элдеринин гүлдөп-өнүгүшү үчүн мамлекеттер аралык кызматташтыкты жана ишенимди бекемдөө боюнча туруктуу максаттарды көздөйт. Эл аралык чыңалган кырдаалда ырааттуулукту камсыз кылуу жана зарыл натыйжаларга жетишүү үчүн эки өлкөнүн бардык ыйгарым укуктуу органдары менен кызматтарынын ортосунда туруктуу жумушчу байланыштар талап кылынат.

Консультациялардын жыйынтыгында тараптар коопсуздук, оперативдүү маалымат алмашуу, тренингдерди жана машыгууларды өткөрүү жаатындагы кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча кошумча эки тараптуу кадамдарды белгилеген протоколго кол коюшту, ошондой эле өсүп келе жаткан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу үчүн көп тараптуу аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Консультациялардын экинчи айлампасына ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар министрлеринин орун басарлары, КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги, УКМКнын төрагасынын орун басары катышты

Консультациялардын биринчи раунду 2019-жылдын май айында Бишкекте өткөн.

Пикир

Оставить комментарий