• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ташкентте Кыргызстандын ЕБ жана Бангладеш менен кызматташуу маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Джунусов Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуардс Стипрайс жана Бангладештин КРдагы элчиси Мосуд Маннан менен жолуккан. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Европа Биримдиги жана Бангладеш менен кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланган. Ошондой эле өлкөлөрдүн Өзбекстанда жайгашкан дипломаттык өкүлчүлүктөрү ортсундагы кызматташтыктын келечеги боюнча да сүйлөшүүлөр жүргөн”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий