• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкентте кыз-келиндер үчүн өзүн-өзү коргоо боюнча бекер окутуулар уюштурулат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. АКШнын Өзбекстандагы элчилиги кыз-келиндерди өзүн-өзү коргоого үйрөтүү программасынын 2021-жылдагы акыркы этабын баштады.

Элчиликтен билдиришкендей, машыгуулар заманбап спорттук залда ноябрь айында башталып, үч айга созулат. Ага физикалык даярдыгына жана буга чейинки машыгуулардагы тажрыйбасына карабастан бардык кыз-келиндер катышса болот.

Машыгуунун катышуучулары 13 жаштан 18 жашка чейинкилер жана 18 жаштан жогоркулар деп эки топко бөлүнөт. Булардын ар биринде 30дан ашык эмес киши болот.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар физикалык зомбулуктан коргонуунун бир нече ыкмасын, өзүн жакшы формада алып жүрүүнүн жолдорун, ошондой эле жаңжалдарды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө жана стрессти башкарууга үйрөнүшөт.

Укук коргоо органдарынын отчеттору менен басылмалардагы маалыматтарга ылайык, акыркы жылдары, өзгөчө пандемия учурунда Өзбекстанда аялдарга карата зомбулук көбөйгөн.

Былтыр өлкөдө зомбулуктан жабыркаган аялдардын укуктарын коргоо жана аларга өз учурунда жардам берүү үчүн Najot деп аталган мобилдик тиркеме иштей баштаганы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий