• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкентте мамлекеттик чек ара боюнча кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү өттү

Коом 0

Ташкент, 28.12.18. /Кабар/. Өзбекстандын Ташкент шаарында 20нан 27-декабрга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун мамлекеттик чек ара боюнча сүйлөшүүлөрү өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын тышки иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тараптар 2017-жылдын 5-сентябрь күнү кол коюлган кыргыз-өзбек чек арасынын Келишиминен кийин жумушчу топтордун ишмердүүлүгүн карап чыгышты.

“Жолугушуу достук маанайда өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тиешелүү Протоколго кол коюлган”, - деп берилет маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий