• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ташкентте Марипов менен Ариповдун кеңири форматтагы жолугушуусу өттүдө

Өкмөт 0

Ташкент, 26.03.21. /Кабар/. Ташкент шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери Улукбек Марипов жана Абдулла Ариповдун кеңири форматтагы жолугушуусу өтүүдө.

Буга чейин эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусу болгон.

Андан соң Улукбек Мариповдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушуусу пландалган.

Эске сала кетсек, учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы Өзбекстанда иш сапары менен жүрөт. Премьер Марипов Ташкент шаарындагы бир катар фабрика жана заводдорду кыдырып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий