• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ташкентте мурдагы дипломат тыңчылыкка айыпталып кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 13.03.19 /Кабар/. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) жогорку кызматтагы мурдагы аткаминери Кодиржон Юсупов атайын кызмат тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталууда.

Юсуповдун туугандарынын айтымында, акыркы жылдары психикалык жактан ооруп жүргөн 67 жаштагы экс-чиновник былтыр декабрда поезддин алдына секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган. Башынан жаракат алып ооруканага жаткырылган Юсупов анда оорусу кармап, «батыштын тыңчысы» экенин айта баштаган. Кийин бул көрсөтмөлөрдүн негизинде Улуттук коопсуздук кызматы (УКК) ага каршы «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Учурда ал УККнын тергөө абагында камакта жатат. Туугандарынын айтымында, алар ошондон бери анын саламаттыгы тууралуу эч кандай маалымат ала албай келишет.

Юсуповдун үй-бүлөсү анын укуктарынын камсыздалышына көңүл буруу өтүнүчү менен эл аралык уюмдарга кайрылышты.

УКК тергөөчүсү Юсупов дагы эки ай камакта болуп, андан соң анын иши сотко өткөрүлө турганын билдирди. Эгер ал бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса он жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Юсупов Өзбекстандын Австриядагы, Улуу Британиядагы жана Жакыңкы Чыгыштагы элчиликтеринде, ошондой эле өлкөнүн БУУ жана ЕККУдагы туруктуу өкүлчүлүктөрүндө иштеген. 2002-2005-жылдары ТИМдин басма сөз кызматын жетектеген.

Пикир

Оставить комментарий