• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкентте окуучулар бараткан автобус кырсыкка учурады, жаракат алгандар бар

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 30.04.19 /Кабар/. Ташкент облусунун Уртачирчик районунда 29-апрель күнү түнчүндө автобус кырсыкка учурады. Бухарадан келе жаткан автобустун ичиндеги 53 жүргүнчүнүн көбү окуучулар болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, “Мерседес” үлгүсүндөгү автобустун бир дөңгөлөгү жарылып, анын кесепетинен оодарылып кеткен. Автобустан өрт чыккан.

Салондо 53 киши болгон. Ыкчам түрдө бардык жүргүнчү автобустан түшүүгө үлгүргөн. Курмандыктар жок. Окуя болгон жерде жабырлануучуларга медициналык көмөк көрсөтүлгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен алты адам ар кыл даражадагы жаракат алган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автобустун ичинде 37 окуучу, 3 педагог, 10 ата-эне жана 3 айдоочу болгонун кабарлады.

Пикир

Оставить комментарий