• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ташкентте пенсионерлер метродо акысыз катташат

Дүйнө 0

Ташкент 10-март /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. Өзбекстанда пенсионерлер 15-марттан баштап эртең мененки саат 10:00дон 16:00го чейин метрополитендер аркылуу акысыз жүрүү укугуна ээ болушат. Бул тууралуу кечээ жергиликтүү ЖМКлар билдиришти.

Тиешелүү токтомду Өзбекстандын өкмөтү 9-мартта кабыл алган.

Өзбекстандын Президенти Шевкат Мирзиеев президенттик шайлоонун алдында шайлоочулар менен жолугушууда пенсионерлер үчүн метродо жүрүүнү акысыз кылууну убада кылган эле.

Пикир

Оставить комментарий