• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ташкентте президент Садыр Жапаровдун урматына сый тамак уюштурулду. Сүрөттөр

Президент 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Ташкентте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик иш сапарынын урматына расмий кабыл алуу болду. Иш-чарадан тартылган сүрөттөрдү Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы жарыялады.

Расмий кабыл алуу иш-чарасына эки мамлекеттин делегация мүчөлөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Өзбекстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Салтанат биргеликте сүрөткө түшүү менен коштолуп, баарлашуу мыкты маанайда өткөндүгү айтылат.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров Өзбекстанда мамлекеттик визит менен жүрөт. Кечээ, 11-мартта эки мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында 20дан ашуун документке кол коюлду.

Бул Садыр Жапаровдун үчүнчү чет элдик сапары. Буга чейин өлкө башчысы Россияга жумушчу сапары менен, ал эми Казакстанга мамлекеттик сапар менен барып келген.

Пикир

Оставить комментарий