• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ташкентте PROlogue эл аралык кинофестивалына көрсөтүү үчүн кыргыз кинолору тандалып алынды

Маданият 0

Ташкент, 21.11.18. /Кабар/. Өзбекстандын Ташкент шаарында өтө турган IV PROlogue-2018 эл аралык кинофестивалынын тандоо комиссиясы 60 өлкөдөн келген 31 көркөм тасмаларды тандап алган. Бул тууралуу бүгүн фестивалдын дирекциясынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, фестивалда 8 толук метраждуу жана 14 кыска метраждуу Армения, Босния жана Герцеговина, Кыргызстан, АКШ, Түркия, Россия, Түштүк Корея, Перу, Франция сыкятуу өлкөлөрдө тартылган тасмалар көрсөтүлөт.

Алардын ичинен кыргыз кинорежиссерлору Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” (2017), кыргыз-өзбек режиссеру Сарвар Каримовдун Ч.Айтматовдун чыгармасы боюнча тартылган “Делбирим” (2017) толук метраждуу жана Евгений Чистяковдун “Ташкөмүр” (2017) кыска метраждуу тасмалары көрсөтүлөт.

Фестиваль 27нен 30-ноябрга чейин Ташкент шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий