• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкентте шахмат боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн турнири өтүүдө

Спорт 0

Ташкент 17-июнь /Төлөнбай Курманов - Кабар/. Ташкентте Борбордук Азия өлкөлөрүнүн шахмат боюнча аймактык турнири өтүп жатканын Өзбекстан шахмат федерациясынан билдиришти.

Оюнга Афганистан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан улуттук шахмат федерацияларынын оюнчулары катышары маалым болду. Мелдеш щвейцариялык система боюнча 9 тур менен өтөт. Аймактык турнирдин эркектер арасындагы күмүш байгенин ээси Куба-2017 дүйнө чемпионатына катышуу укугуна ээ болот. Ал эми аялдар арасындагы оюндун жеңүүчүлөрү кыз-келиндер арасындагы дүйнө чемпионатына катышуу укугуна ээ болот.

Турнирдин байге фонду – 5 миң АКШ долларын түзөт жана мелдештин эң алдынкы 6 орунуна берилет. Чемпионат 25-июнга чейин болот.

Пикир

Оставить комментарий