• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ташкентте ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 19-жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 19-жыйыны өттү. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жыйынга Кыргызстандын маданият министри Азамат Жаманкулов да катышты.

Анда тараптар буга чейинки маданият жана искусство тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин, уюмга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин өткөн жолугушууларынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү боюнча пикир алмашты.

Ошондой эле талкуу учурунда маданияттын бүгүнкү күндөгү ролу жана анын пандемия учурунда элди колдоого болгон оң таасири, тактап айтканда, элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо, маданияттардын көп түрдүүлүгүн сактоо жана элдеринин маданияты, үрп-адаттары жана каада-салттары тууралуу билимдерди жайылтуу максатында кино, театр, китепкана жана музей тармагында биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга кызыкдар экендиктери белгиленди.

Биргелешкен маданий иш-чараларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулуп, ШКУнун байкоочу мамлекеттери жана ШКУнун маданият жана искусство жаатындагы диалогундагы өнөктөштөр менен эки тараптуу жана көп тараптуу негизде кызматташуу механизмдерин мындан ары өркүндөтүү зарылчылыгы баса белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий