• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ташкентте ШКУнун Элдик дипломатия борбору түзүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Өзбекстанда Шанхай кызматташтык уюмунун Элдик дипломатия борбору түзүлөт. Бул тууралуу өзбек президентинин токтому жарык көрдү.

Анын курамына Улут аралык мамилелер комитети, Тышкы иштер министрлиги, Маданият министрлиги, Жогорку жана атайын орто билим берүү министрлиги, Дене тарбия жана спорт комитети, Туризмди өнүктүрүү комитети, Илимдер академиясы, Жаштар биримдиги, Журналисттер чыгармачыл биримдиги жана Жазуучулар биримдиги кирет.

Жаңы түзүм коммерциялык эмес уюм катары иш алып барат.

Максаты – коңшулук мамилелерди бекемдөө, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, ШКУ өлкөлөрүн жакындатуу үчүн элдик дипломатия инструменттерин колдонуу болуп эсептелет.

Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) 2000-жылдардын башында Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан тарабынан түзүлгөн. 2007-жылы аларга Индия жана Пакистан кошулган, Иран болсо уюмга кирүү ниетин билдирип келет.

Пикир

Оставить комментарий