• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ташкентте Султан Раевдин "Маң" спектаклинин бет ачары өтөт

Маданият 0

Ташкент, 15.10.18. /Кабар/. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театрынын эмгек жамааты Ташкентте Султан Раевдин "Маң" спектаклинин бет ачарын өткөрөт. Спектакль Мукими атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрынын сахнасында коюлат.

Аталган театрдын директору, Өзбекстандын эл артисти Мирза Азизов "Маң" спектакли Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романына театралдык инверсия экенин билдирди.

"Спектаклдин автору Султан Раев айтматовдук ойду бүгүнкү күндүн контекстинде карайт", - деди Азизов "Кабар" агенттигинин кабарчысына.

"Ушул күндөрү Өзбекстанда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы кеңири белгиленип жатат. Спектаклдин бет ачарынын биздин театрда өтүшү өзбек көрүүчүлөрү үчүн жакшы белек", - деди театралдык ишмер.

Спектаклдин бет ачары 16-октябрда саат 18:00дө башталат, ага автор Султан Раевдин дагы катышуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий