• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкентте төрөлгөн үч эмге президенттин ысымы берилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. 18-декабрда Ташкентте төрөлгөн үч эмге Шавкат, Миромон жана Мирзиё ысымдары ыйгарылды.

Жубайлар Руслан Корёгдиев менен Мохигуль Шайкулова балдарына өлкөнүн азыркы президенти Шавкат Мирзиёевдин урматына ысым коюшканын билдиришти.

Бул жаңы төрөлгөн балдарга өзбек президентинин аты ыйгарылган алгачкы учур эмес. Мурдараак Бухаранын жашоочусу Жамшид Шодиев дагы уулдарын Шавкат, Миромон жана Мирзиё деп атаган.

Балдарына өлкө жетекчисинин атын берүү тенденциясы Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда эле болгон. Үч жыл мурун Анжиян облусунда төрөлгөн наристелерди Исломжон, Абдугани жана Каримжон деп аташкан.

2013-жылы Ташкентте жарык дүйнөгө келген төрт эмге Хасан, Хусан, Ислам жана Карим ысымы ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий