• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкентте түркий тилдер ѳнүгүшү жана кызматаштыгынын олуттуу маселелери талкууланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 11.05.18. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Бүгүн Ташкент шаарындагы Алишер Навои атындагы ѳзбек тили жана адабияты университетинде Эл аралык Түрк академиясы менен кызматташтыкта «Дүйнѳ түркологиясында ѳзбек тилинин ролу жана эл аралык кызматташтыктын келечектери» темасында эл аралык конференция болуп ѳттү.

Эл аралык Түрк академиясынын ага серепчиси профессор Кадыралы Конкобаевтин айтымында, соңку жылдарда дүйнѳ коомчулугу тарабынан түркий тилдерге болгон кызыгуу күчѳп бара жаткандыгы байкалууда.

«Буга быйыл апрель айында ЮНЕСКОда түркий тилдерге арналган атайын жыйын болуп ѳткѳндүгү мисал боло алат. Ошол жыйында алгачкы жолу кыргыз тилин үйрѳнүү, изилдѳѳ, түркий тилдер ортосундагы карым-катышты күчтөндүрүү маселелери коюлган болчу. Ушул маанайда, Ташкентте ѳтүп жаткан бүгүнкү азем да түркий тилдердин мындан ары да ѳнүгүшүндѳ олуттуу ѳбѳлгѳ болоору шексиз»-, деп баса белгиледи окумуштуу.

Конференцияда жасалган баяндамадаларда ѳзбек тили менен кыргыз, казак жана башка түркий тилдерди үйрѳнүү, изилдѳѳ маселелеринде кызматташтыкты жандандыруу маселесине кѳңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий