Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Ноябрь айында Ташкентте өтө турган көк бөрү боюнча дүйнө биринчилиги 2020-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын "Көк бөрү" федерациясынан билдиришти.
"Ушул жылдын 20-26-ноябрында Өзбекстанда өтө турган көк бөрү боюнча дүйнө биринчилиги 2020-жылга жылдырылды", - деп билдиришти федерациядан.
Белгилей кетсек, жыл башында көк бөрү оюнунун эрежелерине өзгөртүүлөр киргенине байланыштуу Кыргызстан тарап аталган дүйнө биринчилигине барбай турганын билдирген.
Пикир
Оставить комментарий