• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ташкентте “Ташкент-Андижан-Ош-Иркештам-Кашгар” унаа жүрүшү старт алды

Коом 0

Бишкек, 30.10.17 /Кабар/. Өзбекстандын борбору – Ташкентте “Ташкент-Андижан-Ош-Иркештам-Кашгар” каттамы боюнча унаа жүрүшү старт берилди. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылышына КР унаа жана жолдор синистри Жамшитбек Калилов, ӨРнын тышкы соода министри Элёр Ганиев, Кытайдын унаа министрлигинин коопсуздук инспекциясынын башчысы Чэн Пин катышты.

Тараптар билдиргендей, аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана КЭРнын унаа жаатында кызматташуусуна түрткү болот.

Эске сала кетсек, мурдараак, Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары соода-экономика жаатында кызматташуунун өнүгүсүүнө багытталган “Ташкент-Андижан-Ош-Иркештам-Кашгар” каттамы боюнча биргелешкен сынамык унаа жарышын уюштурууну сүйлөшүшкөн болчу.

Пикир

Оставить комментарий