• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ташкентте Тажикстандын Маданият күндөрү өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.10.17 /Кабар/. Тажикстандын 130дан ашуун ишкери 11-14-октябрда Ташкентте өтө турган соода-өндүрүш көргөзмөсүнө катышат.

Маалыматтарга караганда, көргөзмөгө машина куруу, тоо-кен, жеңил жана тамак-аш өндүрүшү жана алюминий продукциялары коюлат.

Эгемендүүлүк алгандан бери Өзбекстанда алгач ирет Тажикстандын көргөзмөсү өтүүдө. 17-20-апрелде Душанбеде Өзбекстандын товарлары коюлуп, ага 160тан ашуун өзбек ишкери катышкан.

Мындан тышкары ушул эле күндөрү Өзбекстанда Тажикстан Маданият күндөрү өтөт. Расмий делегациянын курамында 44 тажик маданий ишмери бар. Маданият күндөрүнүн алкагында Ташкенттин кинотеатрларында эки көркөм фильм жана бир нече даректүү тасмалар көрсөтүлөт.

Өзбекстандын Улуттук китепканасында тажик авторлорунун китептери коюлат. Мындан тышкары Ташкентте “Заманбап Тажикстан” сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.

Өзбекстандагы Тажикстандын Маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы 11-октябрда өтөт.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий