• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкентте туризм багытындагы кыргыз-өзбек кызматташуусу талкууланды

Экономика 0

Ташкент, 16-июньөлөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков жана Өзбекстандын Мамлекеттик туризмди өнүктүрүү комитетинин төрагасы Анвар Шарапов туризм тармагындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгынын абалын жана өнүгүшүн талкуулашты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин кабарчысына элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

ӨР Мамлекеттик комитети менен КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өз ара алакаларына басым жасалды.

Анын ичинде, аралаш туристтик турларды, биргелешкен жарнамалоо жана эки мамлекеттин туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу, «Ташкент-Тамчы-Ташкент» авиакаттамын ачуу, «Ташкент-Балыкчы-Ташкент» темир жол каттамын жандандыруу маселелери каралды.

Тараптар туризм тармагында кыргыз-өзбек кызматташуусу жөнүндө макулдашууга кол коюуга келишишти.

Пикир

Оставить комментарий