• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ташкентте вице-премьер Мадумаров менен Өзбекстандын премьер-министри жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Ташкент шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өзбекстандын Өкмөт башчысы эки өлкө ортосундагы бир катар багыттар боюнча өз-ара пайдалуу кызматташтыктын өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Анын айтымында, эки мамлекет жетечилеринин саясий эркине жараша акыркы мезгилде эки тараптуу кызматташууда чоң өзгөрүүлөр орун алды.

«Бардык деңгээлде активдүү диалог жүргүзүлүүдө. Эки тараптуу товар жүгүртүүдө өсүштөр байкалып, инвестициялык кызматташтык кеңейип, маданий байланыштар чыңдалууда», - деди Абдулла Арипов.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров меймандостук жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргыз Республикасы мындан ары карай эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өз-ара аракеттешүүнүн ар-кыл багыттарында эки тараптуу мамилелердин тереңдетилишине өзгөчө маани берээрин белгиледи.

«Биздин элибизди көп жылдык достук жана коңшулук мамилелер бириктирип турат. Биздин милдет – достук мамилебизди, өз-ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоону улантуу, экономиканы өнүктүрүү үчүн колдогу мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу, коңшулаш бир тууган элибиздин бакубаттуулугу үчүн чек ара маселелерин чечүү болуп саналат», - деди Акрам Мадумаров.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты. Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын ишин жемиштүү өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтыгы маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий