• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ташкентте ырчы Робби Уильямска чапан жабышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0


Бишкек, 18.12.17 /Кабар/. Атактуу британиялык ырчы Робби Уильямс 15-декабрда Ташкентте концерт өткөрдү. Ал аткарып жаткан ырлардын биринде, концертти уюштуруучулар британиялык ырчыга өзбек чапанын кийгизишти.

Робби Уильямстын Ташкенттеги концертин өзбек тектүү орус олигархы Алишер Усманов уюштурган. Жергиликтүү басылмалар Уильямстын концерти Усмановдун өзбек калкына жана борборуна жаңы жылдык белеги болгонун жазып чыгышты.

Концертке кирүү билетинин баасы 1,5 – 2 миллион сумга чейин жетти (180-245 АКШ доллар). Бул баа жөнөкөй өзбекстандыктын орточо айлыгынан эки эсе көп.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий