• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ташкентте жаңы төрөлгөн кызын сатууга аракет кылган аял кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Ташкенттин Янгихаёт районунда жаңы төрөлгөн кызын сатууга аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасына караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү департаменти кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, аял 7-августта төрөлгөн кызын 18 миң АКШ долларына баалап, бул сумманы алып жаткан маалда кармалган.

Ага каршы "Адам сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий