• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ташкентте жалгыз бой эненин чачын кырып жазалган аялдар жоопкерчиликке тартылган жок

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Эки баланын энеси, ташкенттик Шахзода Хусанова сотсуз жазаланганын, аны сабап кеткен аялдар жоопкерчиликке тартылбай, дагы деле коркутуп жатканын билдирүүдө. Хусанованын айтымында, 4-октябрда үч аял үйүнө кирип келип, сабап жана чачын устара менен кырып кеткен.

Хусанованын ырасташынча, окуя кичинекей балдарынын көзүнчө болгон, бул алардын психикасына терс таасирин тийгизген.

Соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүндө Хусанова жеңил жаракат алганы белгиленген. Документте аялдын чачы кырылганы, чыканак, ийин, билегинде шишик, тырык жана тиштин издери болгону көрсөтүлгөн.

Юнусабад райондук ички иштер бөлүмү Хусанованын арызы каттоодон өткөнүн, бирок иш козголбогонун билдирди. Ташкенттик адвокат Умид Давлетов кылмыш ишин козгоодон баш тартууга негиз жок болчу деп эсептейт.

28 жаштагы жалгыз бой эне Шахзода Хусанованын айтымында, ал Telegram каналында бир эркек менен таанышкан. Анын аялы күйөөсүнүн каттарын окуп, эки аял менен Хусанованын үйүнө барган. Үч аял Хусанованы сабап, устара менен чачын кырып, үйүндөгү алтын зер буюмдарын алып кетишкен.

Адвокат Умид Давлетовдун айтымында, өзбек мыйзамдары “сотсуз жазалоону” атайын кылмыш катары карабайт.

Пикир

Оставить комментарий