• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ташкентте жоон топ киши Жогорку соттун имаратына "чабуул" жасады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 17.08.17 /Кабар/. 15-августта Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасы менен жолугушууга жазылган 400дөй жаран ысыкта көпкө күтүүдөн жадап, дарбазаны түртүп сот имаратынын короосуна кирип барышты.

Жогорку соттун кызматкерлери жарандарды бир нече саат күттүрүп койгондуктан, алар бул кадамга барууга аргасыз болгонун билдиришти.

“Көп саатка созулган кезекке туруу – адатка айланып баратат, жарандар көчөдө эс-учун жоготуп коюшууда. Баса, ушул эле күнү “тез жардам” чакырууга аргасыз болдук – аялдардын биринин кан басымы көтөрүлүп кетти. Элдин нерви чыдабай калды. Чыдамы түгөнгөн калк эмнеге даяр экенин бүгүнкү окуя көрсөттү”, – деди “Фергана” маалымат агенттигине 80 жаштагы жашоочу Любовь Чуракова. “Фергана” маалымдагандай, ал адилеттүүлүк издеп, дээрлик он жылдан бери аткаминерлердин эшигин каккылап жүрөт.

“Азаттыктын” өзбек кызматына белгилүү болгондой, жаалданган кишилердин бири дагы Жогорку соттун имаратына зыян келтирген эмес. Айрым күбөлөрдүн айтымында, чогулган топ дарбазанын кулпусун сындырып ичкери киришкен. Бирок кээ бири кулпу өзү ачылганын белгилешүүдө.

Өзбекстандын Жогорку сотунун иш тартибине ылайык, төрага Козимжан Камилов жарандарды айына эки жолу гана кабыл алат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий