• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Ташкентте Жунусов менен Исмоилов эки өлкөнүн парламенттери ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 02.05.19 /Кабар/. 30-апрелде Ташкентте Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов менен Өзбекстан республикасынын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жолугушкан. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар КРнын Жогорку Кеңеши менен ӨРнын Олий Мажлисинин ортосундагы өз ара кызматташууну, ошондой эле алдыдагы алакаларды бекемдөөнү талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий