• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ташкенттеги 74 бейтапкана күнү-түнү иштөө режимине өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Ташкенттеги көп тармактуу борбордук жана үй-бүлөлүк 74 бейтапкана бейтаптарды күнү-түнү тейлөөгө өттү.

Медициналык персонал күнүгө 12 сааттан иштейт. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын өкүлү Барно Адилова билдирди.

Адилованын айтымында, ар бир бейтапкананын жумуш тартиби аныкталды. Дарыгерлер үйлөрдөн кабар алып, маалымат чогултат. Бейтаптарды аныкташып, аларга тез арада жардам берүү жолдорун иштеп чыгышат.

Бул үчүн бейтапканаларга 750 мобилдүү телефон таратылып, колл-борборлор уюштурулду. Алар күнү-түнү кызмат көрсөтөт.

Ар бир бейтапканаларда мобилдүү топтор түзүлдү, алар үйүндө дарыланып жаткан бейтаптарга дары-дармек жеткирип турат.

Пикир

Оставить комментарий