• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ташкенттеги эл аралык туристтик жарманкеде Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү сунушталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 04.10.17 /Толонбай Курбанов – Кабар/. КР Маданият, маалыматы жана туризм министрлигинин туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов баштаган Кыргызстандын делегациясы Ташкенттеги “Жибек жолундагы туризм” (ТМТЯ-2017) 23-чү эл аралык туристтик жарманкеде катышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

А.Жаманкуловдун айтымында, “Жибек жолундагы туризм” эл аралык жарманкеси Борбор Азия аймагынын туристтик тармактагы бардык өкүлдөрү үчүн көптөн күткөн окуя болуп саналат. “Өзбекстандын жана бүтүндөй аймактын жүздөгөн кесипкөйлөрү туристтик продуктуларды жайылтуу жана ишкердик байланыштарды түзүү максатында бир аянтчада биригишет. Жарманке катышуучуларга тажрыйба алмашууга, туризмдин актуалдуу маселелерин талкуулоого, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоого, жарманкенин алкагында өткөрүлүүчү илимий программаларга катышууга шарт түзөт”, - деп белгиледи ал.

Жарманкеге Кыргызстандын 10дон ашык туристтик компанияларынын өкүлдөрү, Анжиян облусунун этникалык кыргыздардан катышышат.

Жарманкенин программасында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү, кыргыз элинин каада-салттары жана үрп-адаттары кеңири чагылдырылган.

Быйылкы бул иш-чарага дүйнөнүн 28 өлкөсүнөн 50дөн ашуун өкүл катышууда.

Иш-чара 5-октябрга чейин уланат.

ТМТЯ БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Туристтик Уюмунун расмий колдоосунда 1995-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий