• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ташкенттеги фарфор заводу кайрадан иштей баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Реконструкциядан өткөн Ташкенттеги фарфор заводу кайрадан иштей баштады. 9-октябрда президент Шавкат Мирзиёев заводдун Алмазар районунда курулган жаңы имараты менен таанышты.

1952-жылы ишке берилген фарфор заводу бир нече жыл мурда менчиктештирилип, өндүрүшү токтоп калган.

Заводду реконструкциялоого 87 миллиард сум (9,2 миллион доллар) каражат сарпталды. Кошумча имарат курулуп, ага Кытайдын «Huanggang Huauao Zhongbo Klin Technology Co. Ltd.» компаниясынын жабдуулары орнотулду. Учурда анда 300 адам иштеп жатат.

Завод жылына 30 миллион даана ашкана буюмдарын, азембелектерди жана жасалгаларды өндүрөт деп пландалууда.

Президент Шавкат Мирзиёев завод ишин кайра баштай турганын былтыр 29-июнда аталган райондун тургундары менен жолуккан маалда айткан.

Пикир

Оставить комментарий