• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкенттеги “Манас” рестораны эки кабаттуу чоң боз үй түрүндө калыбына келтирилет

Коом 0

Ташкент, 21-февраль /Кабар/. Ташкенттеги күйүп кеткен “Манас” рестораны эки кабаттуу чоң боз үй түрүндө калыбына келтирилет. Бул тууралуу журналисттерге ресторандын негиздөөчүсү Санжар Максудов билдирди.

Анын айтымында, ал кайсы жерге курулары жана кандай болору азырынча чечиле элек.

“Бир варианты – Киевге курууну пландаган долбоорду кароодобуз. Ал эки кабаттуу чоң боз үй түрүндө. Курулушчулар менен дагы да кеңешебиз жана курулуш процессине активдүү катышабыз”,-деди ал.

Эскерте кетсек, Ташкенттеги “Манас” арт-рестораны быйыл 7-февралдагы өрттөн толугу менен күйүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий