• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ташкенттик имам бизнес үчүн чиновниктерге жер тилкесин берүүнү сунуштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.12.17 /Кабар/. Ташкенттеги “Тынчтык” мечитинин имамы Шермурад Тогай аткаминерлерге бизнес жүргүзүү үчүн атайын дүкөндөрдү жана жер тилкелерин бөлүп берүүнү демилгеледи.

Имам светтик жана диний аткаминерлер материалдык жактан камсыз болсо, коррупцияга жана мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого бөгөт коюлат деп эсептейт. Шермурод Тогайдын сунушу социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда.

«Аткаминер үй-бүлөмдү кантип багам деп ойлобошу керек. Элдер аларга суктанып, урматтоо менен мамиле жасашы керек», – деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.

Ал совет мезгилине чейин дин кызматкерлерине салык алынбаган атайын жер тилкелери берилип турганын баса белгиледи. Имам жеке ишкерлик жүргүзгөн аткаминерлер пара албайт, мамлекеттин мүлкүнө кол салбайт деп эсептей турганын жазды.

Шермурад Тогай 28-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына «Хизб-ут-Тахрир» жана «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун тарапташтарына өлүм жазасын киргизүү зарылдыгын жазган.

Пикир

Оставить комментарий