• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ташкенттин мэри ижара берүүчүлөрдү батир акысын талап кылбай турууга чакырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожаев шаардагы батир ээлерине кайрылып, анда жашагандардан убактылуу ижара акысын талап кылбай турууга чакырды.

«Бул күндөр бардыгыбыз үчүн сыноо. Мындай шартта бири-бирибизди колдоп, жардам беришибиз керек», — деди ал.

Мэр батирде жашагандардын көбү карантинден улам убактылуу ишсиз калып, оор абалга туш келгенин белгиледи.

Ташкентте ижарага батир алып жашагандардын саны боюнча расмий статистикалык маалыматтар жок. Шаарда батирдин бир чарчы метри үчүн ээлери 20-100 миң сумдан (2-10 доллар) алышат.

Пикир

Оставить комментарий