• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ташпаева: КР жана РФнын ректорлорунун форуму. Билим берүү - келечекке болгон инвестиция

Коом 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган алгачкы мамлекеттик визитинин алкагында “Илимди жана билимди өнүктүрүү – келечекке белгон инвестиция” аттуу Кыргызстандын жана Россиянын ректорлорунун форуму өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР президентинин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, форумга Россиядан 31 ректор, 19 проректор жана регионалдык деңгээлдеги 20 жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү келет. Катышуучулардын арасында – Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ректору, Россиялык эл аралык достук университетинин ректору, Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университеттин ректору жана башкалар катышат.

“Бул чоң делегацияны Россиянын ректорлор Биримдигинин президенти - Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий баштайт. Мындай деңгээлдеги иш-чара Кыргызстанда биринчи ирет өтөт. Бул интеграциялык процесстердин алкагында билим берүү системасынын алдында турган чакырыктарга каршы чараларды жана чечимдерди иштеп чыгууга багытталган биринчи стратегиялык жай”, - деди ал.

Ташпаева Кыргызстан адамдык капитал жана билимди артыкчылык катары белгилегени, ушундай инвестициянын негизги аспаптары болуп эсептелет.

Андан тышкары Назгүл Ташпаева, конференция учурунда ректорлор ортосунда 70ке жакын макулдашууларга жана КРнын жана РФнын билим берүү жана илим министрликтери ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандунга кол коюу күтүлүп жатат деди.

“Ошондой эле Кыргызстандын ЖОЖдор Ассоциациясы жана Россиянын ректорлор Биримдиги ортосунда келишимге да кол коюу күтүлүүдө”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий