• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Таштак жерлерге бак тигүүгө уруксат берүүчү мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (КР Жер кодексине, КР Салык кодексине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга) бириктирилген мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Демилгечилердин бири Мирлан Бакировдун айтымында, алгач мыйзам долбоору сугат айдоо жерлеринин бонитети 40тан төмөн болгон тилкелерине бак-дарак тигүүгө уруксаат берүү максатында даярдалган.

Ал эми азыркы бириктирилген долбоордо коңшу жер ээсинин макулдугу менен үлүш жерине бак-дарак тигүүгө уруксат берүү каралууда. Ошону менен катар бак-дарактарды кайракы жерлерге отургузууга басым жасоо сунушталып жатат.

Талкууда өкмөтүнүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн өкүлү сунушталган өзгөртүүлөр менен сугат айдоо жерлеринин көлөмү азайып кетпесин деген кооптонуу менен долбоорго кайракы жерлерге бак-дарак тигүүгө уруксат деп баса белгилеп кетсек деген сунушун берди.

Депутат Мирлан Бакиров мыйзам долбоору кабыл алынып калса, бак-дарак тигүү боюнча жарандардан кайрылуу келсе, ал маселе боюнча Айыл чарба министрлиги саясат жүргүзүп, чече тургандыгы (КР окмөтү аныктасын деген ченем) долбордо белгиленгендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий