• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таштанды таштоочу жайлар дезинфекцияланууда

Аймак 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. “Жалал-Абад тазалык” муниципалдык мекемеси жана Жалал-Абад шаарынын алдын ала дезинфекциялоо ишканасы менен биргеликте күндүн температурасы жогорулашынан улам таштанды таштоочу жайлардан жагымсыз жыттын чыгуусун алдын алууга, ошондой эле, чымын-чиркейлердин көбөйүүсүн болтурбоо максатында дезинфекциялоо ишин башташты. Бул тууралуу Жалал-Абад тазалык муниципалдык мекемесинин жетекчиси Төлөн Бакиров билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын июнь айынан тартып, шаарыбыздын бардык аймагындагы таштанды ташталуучу жайларда чымын-чиркейлерди болтурбоого аракет кылып, дезинфекциялоо ишин баштадык. Мындан сырткары шаарыбыздын аймагынан 13 чакырым алыс аралыкта жайгашкан таштанды чогулуучу жайды да дезинфекциялайбыз.

"Себеби, мындай иштер аткарылбаса, шаарыбыздын жашоочуларына ар кандай оорулар жугуп, ар түрдүү жугуштуу оорулар пайда болушу мүмкүн. Бул иш 2017-жылдын июнь айынан башталып, 4 ай мөөнөттө аткарылат. Жумушту аткаруу үчүн Жалал-Абад шаардык Монополияга каршы күрөшүү жана бааларды жөнгө салуу инспекциясы тарабынан бекитилип берилген атайын тарифтин негизинде эсептелип чыгарылып, келишим менен бекитилип, биздин мекеменин атайын эсебинен каржыланат. Ар бир айга Жалал-Абад шаарынын алдын ала дезинфекциялоо бөлүмү тарабынан көрсөтүлүп жаткан кызматы үчүн 65 миң 500 сомдон төлөнүп берилет. Ошондо орточо эсеп менен төрт айга төлөнүүчү каражат 262 миң сомду түзөт",-дейт ал.

Эскерте кетсек, ушул жылдан тарта бул иш-чара токтоосуз ар жыл сайын улантылат.

Пикир

Оставить комментарий