• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таштандыга чөмүлгөн Бишкек: Активисттер чындыкка көздү ачкан ролик тартышты

Коом 0


Бишкек, 16.03.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Активисттер “Таза жашоо” улуттук кампаниясынын алкагында айланадагы маданиятсыздыкка көздү ачкан видеоролик тартышты.

Чакан тасмага Бишкектин таштанды толгон жерлери тартылган. Белгилей кетсек, шаардыктар эс алган жана бош убактысын өткөргөн жайлар болуп чыккан.

Чыныгы көрүнүштү көрсөтүп, коомдун көзүн ачуу идеясы “Таза жашоо” уюштуруу комитети тарабынан “”Кыргызстандын вело коомчулугу” Коомдук бирикмеси менен демилгеленген.

Бул тасмага кайдыгер эместердин бардыгы акцияга ыктыярчы катары кошула алышат. Бул үчүн ар бир аймакта WhatsApp тиркемесинде расмий топтор түзүлгөн. Төмөндө алардын шилтемелери келтирилген.

“Таза жашоо” акциясы 17-марттан баштап 2018-жылдын 1-ноябрына чейин уланат.

Иш-чаралар Кыргызстандын жалпы аймагында өтөт.

“Таза Ысык-Көл” ыктыярчылар тобу

https://chat.whatsapp.com/KB9V9gfY8C8Dr7WGVhASFa

“Таза Ош” ыктыярчылар тобу

https://chat.whatsapp.com/5UCUsMglZjlL8DEitCsRNW

Таза Чүй” ыктыярчылар тобу

https://chat.whatsapp.com/9RS2XWN8CrvAuAc1owvtiU

Таза Талас” ыктыярчылар тобу

https://chat.whatsapp.com/5Yuo3nDcZGj9gPAVafw5Rf

Таза Нарын” ыктыярчылар тобу

https://chat.whatsapp.com/FO4cwu7gbIH4R2Qg0cyVfJ

Таза Жалал-Абад” ыктыярчылар тобу

https://chat.whatsapp.com/4zkurEhAbNm7CsoUxxUs58

Таза Баткен” ыктыярчылар тобу

https://chat.whatsapp.com/4tWT6bMpZKU5rBLmF7EX5b

Маалымат үчүн: “Таза жашоо” улуттук кампаниясы үстүбүздөгү жылдын 3-мартында башталган. Ал Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков тарабынан демилгеленген.

Пикир

Оставить комментарий