• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таштандыны жер астында сактоо долбоорун украиналык компания ишке ашырууда — Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы таштандыларды жер астында сактоо жана чогултуу боюнча пилоттук долбоор боюнча сынактын жыйынтыгында украиналык «Диасон» ЖЧК компаниясы жеңип чыкты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жеңүүчү компания 3 жер астындагы таштандыларды сактоо жана чогултуу системасын орнотот. Ар бир система 4 таштанды челеги менен жабдылат.

Мэриядан белгилешкендей, заманбап технологияларды киргизүү таштандыларды чогултуунун жана сактоонун жаңы системасын түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай мамиленин аркасында шаар көчөлөрүнүн эстетикалык көрүнүшү жакшырат.

"Атайын белги системасы катуу таштандыларды өз убагында алып чыгууга мүмкүндүк берет, ошондой эле таштанды контейнерлеринин жана участоктордун жанында тазалыкты жана тартипти түзүүгө салым кошот, тамак-аш калдыктарынын чиришинен эч кандай жыт болбойт. Эң негизгиси, кабыл алуу пункттары мындан ары кароосуз калган жаныбарлар топтолгон жай болуп калбайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий