• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Татарстанда жол кырсыгында жапа чеккендердин арасында КР жарандары жок

Дүйнө 0

Бишкек, 3-июль /Кабар/. Татарстанда жол кырсыгынан каза болгондордун жана жапа чеккендердин арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КРнын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, жүргүнчүлүк автобус менен жүк ташуучу унаанын кагылышуусунан 13 адам каза болду. Самара-Ижевск трассасындагы Заин районунда кырсык болгон.

Жалпысынан, 15 адам жабыркап, алардын 12си ооруканада. Автобуста кагылышуу учурунда айдоочуну кошкондо 28 адам болгон.

Полициянын маалыматы боюнча, автобустун айдоочусу бир багытта бара жаткан жүк ташуучу унааны сүзүп алган.

Пикир

Оставить комментарий