• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Татарстандык эксперттер КРдагы санарип кызматтардын өнүгүү динамикасын жогору баалашты

Коом 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Татарстан Республикасынын (ТР) санариптик өнүктүрүү боюнча эксперттери Кыргызстанда санарип мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын өнүгүү динамикасын, ошондой эле Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) иштөө системасын жогору баалашты. Бул тууралуу КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, делегациянын мүчөсү тейлөө векторунун туура тандалгандыгын, КТБ операторлорунун ишинин тактыгын, системанын коопсуздугун белгиледи, ошондой эле алар биздин КТБлорундагы инновацияны - манжа издери аркылуу кызматкерлердин авторизациясын көрүп, аны өз өлкөсүндө киргизе тургандыктарын билдиришти.

Татарстандан келген санарип эксперттер Санариптик өнүктүрүү министрлигине тажрыйба алмашуу жана таанышуу визити менен келишкен. Делегациянын курамында Татарстандын мамлекеттик башкаруунун санариптик өнүктүрүү, маалыматтык технологиялар жана байланыш министринин орун басары Альберт Яковлев, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча көп функциялуу борбордун (КФБ) директору Ленара Музафарова, «Документ алмашуу системасы» ЖЧК башчысы жана өкүлдөрү, мамлекеттик буюртма боюнча Мамлекеттик агенттигинин жетекчилери бар, ал эми делегацияны Татарстан Республикасынын премьер-министринин жардамчысы Насибуллин Назил башында турган жетектеп келген.

КФБдун директору (Татарстандагы КТБнын аналогу) Ленара Музафарова Бишкектеги бир нече КТга барып, алардын ишмердүүлүгүн жогору баалады. «Жарандын алгачкы документ алуу үчүн кайрылуусу, документти алуусуна чейин бир жерде болгону - бул абдан ыңгайлуу. Эне менен баланын бөлмөсү, күтүү залдарынын жабдуулары, кошумча шашылыш кызматтар - мунун баары абдан жагымдуу» ,-деди ал.

Ошондой эле Ленара Музафарова чечимдердин жана инновациялардын натыйжалуулугун белгиледи. «Сиздер абдан тез кыймылдасыздар. Эгерде биз бир же эки жыл чечүү жолдору жөнүндө ойлонсок, сиздер тез чечим кабыл алып, аны сынап көрүп, өз өлкөңүздөрдө ишке ашырууга аракет кылуудасыздар. Мисалы, электрондук документ жүгүртүү системасы биздин өлкөдө 2004 -жылы иштей баштаган, ал эми сиздерде жакында эле түзүлүп, ага карабастан тез жана туура багытта ишке ашырып жатканыңызга биз таң калып жатабыз», -деди Музафарова.

Визиттин жүрүшүндө кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлуп, тараптар тажрыйба алмашуу, кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу, биргелешкен илимий изилдөө жана ишмердүүлүк сыяктуу өз ара кызматташуунун бир катар багыттарын аныкташты.

«Биз өз ара пайдалуу кызматташабыз. Ошондой эле бири-бирибизден үйрөнө турган нерселер көп. Мисалы, КТБнун кызматкерлеринин маалыматтарын коргоо жаатында, биз дагы манжа издеринин аркылуу аутентификацияны өзүбүздүн борборлордо киргизебиз. Бийлик жөнүндө пикир КФБдо түзүлөт. Сапаттуу, тез жана көптөгөн кызматтар бир жерде көрсөтүлсө, жарандарга жагымдуу жана алар ыраазы. Биз КФБдо 262 кызмат көрсөтөбүз, КТБ сөзсүз түрдө колдоого ал жерде көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын санын көбөйтүүгө муктаж» - деп өз пикирин билгизди Музафарова.

Эскерте кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлиги КТБда тейлөө деңгээлин жогорулатуу багытында инновациялык системаны киргизүү боюнча мыйзамдарды иштеп чыгууда. Бул процесстерди жана тейлөө кызматтарын автоматташтырууга өбөлгө түзүп, күтүү убактысынын кыскарышына, тейлөөнүн ылдамдыгынын жогорулашына жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына системалуу түрдө таасирин тийгизет.

Бүгүнкү күндө Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө жаңы процесстерди киргизүү, ошондой эле тейлөө сапатын жогорулатуу боюнча активдүү иштеп жатат. Тиешелүү мыйзамдардын кабыл алынышы менен калкты тейлөө борборунун ишине жаңы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды киргизүү, кызматтарды мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу аралыктан алуу сыяктуу жаңы демилгелер активдүү ишке киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий