• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Татарстанда өтүүчү кинофестивалда 2 кыргыз тасмасы баш байге үчүн ат салышат

Маданият 0

Бишкек, 06.09.17. /Кабар/. Татарстанда XIII Казан Эл аралык мусулмандар киносу фестивалы старт алды. Анда эки кыргыз тасмасы да көрсөтүлөт.

Фестивалдын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кыргызстандан “Кыска метраждуу оюн тасмасы” номинациясы боюнча Болсунбек Таалай уулунун “Олжо”, “Толук метраждуу документалдык тасма” номинациясы боюнча Жаңыл Жусупжанованын “Памирден кат” тасмасы катышат.

Фестиваль 11-сентябрга чейин уланат. Ошондой эле фестивалдын “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” катарлаш программасында көрүүчүлөргө кыргыз кино тарткан башка тасмалар да сунушталат. Алар: “Мураскер” (режиссер – Самара Сагынбаева), жана “Рахмат, дарыгер!” (режиссер – Адилет Каржоев).

Пикир

Оставить комментарий