• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Таттыбүбү кыргыз поэзиясында” сынагы жыйынтыкталды

Маданият 0

Бишкек, 30.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы республикалык фонду, Нурканбек Турсунбаев атындагы Эл аралык коомдук кайрымдуулук фонду жана Кыргыз Республикасынын эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы менен биргеликте уюштурушуп жаткан “Таттыбүбү кыргыз поэзиясында” аттуу сынагы жыйынтыкталды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жана атайын концерт бүгүн, 30-майда Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүл багында өттү.

Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нурканбек Турсунбаев, сынактын жеңүүчүлөрү жана коомчулук катышты.

Министрдин орун басары Салтанат Аманова бардык жеңүүчүлөрдү куттуктап, мындай сынактардын жүрүшүнө, дегеле адабият тармагынын өнүгүшүнө багыт ала турган бардык долбоорлорду койдой тургандыгын билдирди.

Өз кезегинде Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесин түбөлүккө сактоо максатында уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган сынак 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий