• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таттыбүбү Турсунбаеванын 75 жылдыгына карата бүгүн "Отко таазим" тасмасы көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Бүгүн Кино үйүндө Таттыбүбү Турсунбаеванын 75 жылдыгына "Отко таазим" тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Тасмада башкы ролдо актриса Таттыбүбү Турсунбаева ойноп, тасманын режиссеру – Төлөмүш Океев.

Тасма бүгүн саат 14:00дө көрсөтүлөт.

Аны менен бирге актрисанын 75 жылдыгына карата анын чыгармачылыгына арналып Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинде конференция өтөт. Ошондой эле эртең Турсунбаева жаркын элесине арналып Кыргыз улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чара болуп өтөт.

Белгилей кетсек, Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июнда жарык дүйнөгө келип, 1981-жылы 21-декабрда көз жумган. Ал "Кызыл алма", "Отко таазим", "Саманчынын жолу" ж.б. тасмаларда роль жараткан.

Пикир

Оставить комментарий