• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Татуаждан кийин өз кашыңыздын чыкпай калуу коркунучу бар

Дүр дүйнө 0

Татуаж - “ийне менен сүрөт тартуу” көпчүлүк айымдардын кызыгуусун арттырып, аны жасатууну каалагандар абдан көп. Дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө жаштар денесине татуаж, татиуровка чийүүнү адат кылып алышкан, бирок изилдөөчүлөр бул маселеде этият болууну айтышат. Татуаждын ден соолукка тийгизген таасири кандай?

Оң жагын айтсак, анын жардамы менен келбет сулуу көрүнүп жана боегу жуусаң да өчпөйт. Бул айымдарга күнүгө күзгүнүн алдында өткөргөн убактысын үнөмдөп, башка нерсе менен алектенүүгө шарт түзөт.

Ал эми татуаждын зыяндуу үч жагы бар экенин биле жүрүү керек. Биринчиден, татуаж түрдүү коркунучтуу инфекцияларды жугузууга жол берет. Бул татуаж сызган каражаттан же боек, ийне сызган адамдан жугушу ыктымал.

Экинчиден, ал аллергиялык дарттарды пайда кылышы мүмкүн. Эгерде биринчи татуаж чийдиргенде мындай коркунуч болбосо, анда экинчисине сөзсүз себепчи болот.

Үчүнчүдөн, татуаж же татуировка тери ооруларын пайда кылат. Татуаж жасатуудан кийинки карттануу, он же он беш күнгө созулуп, ыңгайсыздык жаратат. Негизинен татуаж бир нече ай же жылга чейин өчпөйт. Ал өчкөндөн кийин кайра өзүңүздүн кашыңыздын чыкпай калуу коркунучу бар.

Кимге татуаж жасатууга болбойт? Кош бойлуу айымдарга, бала эмизген айымдарга жана кант диабетинен жабыркагандарга жасатууга болбойт. Анткени оорутууну сезгенде чочуп калуу коркунучу бар. Ал эми бала эмизген учурда, организмдеги гармоналдык өзгөрүүлөрдөн улам тери боекту албайт. Кант диабети барларда бул жаранын айыгышы кыйын, а түгүл ырбап да кетиши мүмкүн. Ошол себептүү, татуаж жана татуировка жасатууда жети өлчөп, бир кесүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий