• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Таза коом” долбоору 2040-жылга чейин баскычтар боюнча ишке ашырылат – С.Исаков

Экономика 0

Бишкек, 6-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. «Таза коом» долбоору 2040-жылга чейин баскыч-баскычы менен ишке ашырылат. Бул тууралуу бүгүн аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча эл аралык донорлор менен жолугушууда Президенттин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков билдирди.

“Адистер бул долбоорду бөлүктөргө бөлүп, 2040-жылга чейин ишке ашырылат. Пайдубалын даярдоо керек. Бул үчүн биз туура мыйзам чыгарууга тийишпиз. Калк ишенүүсү үчүн борбор шаарда “акылдуу шаар” куруу маанилүү. Эсептөөлөр боюнча бул оңой эмес. Бул компьютеризация тармагындагы чакан революция сыяктуу”, - деди С.Исаков.

Анын айтымында, өлкө жетекчилиги бул маселедеги жоопкерчиликти, жолдун татаалдыгын толук түшүнүп турат жана бардыгын жеңип чыгууга даяр. “Биз бул долбоордун бүтүндөй жоопкерчилигин аңдап билебиз. Бул кабыл алуу зарыл болгон революциялык чечимдер. Биз сиздерге абдан чоң ишеним артып турабыз. Бизде бюджетте бул долбоорду өз алдынча ишке ашырууга каражат жетишсиз. Биз оператордун ролуна талаптанган жокпуз, биз бул ролду респектабелдүү компанияга берүүгө даярбыз”, - деп кайрылды ал донорлорго.

Пикир

Оставить комментарий