• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Таза коом” долбоору ар бир жаранды өнүктүрүүгө багытталган – Сапар Исаков

Таза Коом 0

Бишкек, 10.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Таза коом” долбоору ар бир жаранды өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков portal.tazakoom.kg – электрондук кызматтар порталын сунуштап жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын президенти биринчи жолу бир жыл мурда бул теманы көтөрүп чыгып, “Таза коом” программасы тууралуу айткан.

“Биз, бир жылдан соң биздин кызматтардын биринчи жыйынтыктарын көрсөткүбүз келип турат. Маалым болгондой, дүйнөдө төртүнчү өнөр-жай революциясы болду. Эгерде бир нече жылдар мурда дүйнөлүк биржада ири тоо-кен ишканалары болсо, бүгүнкү күндө ал жакта Фейсбук жана Майкросфортко окшогон корпорациялар бар. Убакыт өзгөрүүдө, эгерде өлкө бул технологияларды колдонбосо, анда өлкө өнүкпөйт. Эң башкысы – “Таза коом” долбоору ар бир жарандын өнүгүшүнө багытталган”,-деди өкмөт башчы.

Исаковдун айтымына караганда, муну менен элдер маалым кат чогултуу үчүн аз убакыт сарпташат. Ошондой эле долбоор мамлекеттик органдар менен жарандардын ортосундагы байланышты аз кылып, паракорчулуктун алдын алууга багытталган.

“Биз долбоорду аягына чейин чыгарып, максатыбыздын олуттуулугун далилдегибиз келет”,-деди Исаков.

Пикир

Оставить комментарий