• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Таза коом" долбоору боюнча декларация кабыл алынды

Коом 0

Бишкек, 12-июнь /Кабар/. «Таза коом» санариптик трансформация Программасы жогорку деңгээлдеги Эл аралык форумунун жыйынтыгы менен биргелешкен декларация кабыл алынды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Төмөндө декларациянын тексти:

"Биз, «Таза коом» санариптик трансформация Программасы жана Туруктуу өнүгүүнүн глобалдуу максаттары» Эл аралык форумунун катышуучулары, Кыргыз Республикасынын санариптик трансформация Программасынын («Таза коом») Туруктуу өнүгүүнүн глобалдуу максаттары менен айкалышуу маселелерин талкуулап, алдыңкы санариптик технологияларды пайдалануу, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо максатында мониторинг жасоо менен экономиканын жана коомдук мамилелердин өнүгүшүнө салым кошуу ниети менен биригип:

Кыргыз Республикасынын Улуттук «Таза коом» санариптик трансформация Программасын иштеп чыгуу жана ишке ашырууга жумшаган күч-аракетин колдойбуз жана тилектештигибизди билдиребиз;

санариптик трансформация идеясы технологиялык өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычы экендигин жана өлкөнүн атаандашуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга шарт түзөөрүн белгилейбиз;

«Таза коом» Программасы өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн, туруктуу өнүгүү жаатында Максаттарга жетүүнү (ТӨМ) алдыга жылдыруучу негизги институттардын бири болооруна, маалымат коому маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Дүйнөлүк жолугушуунун жыйынтыктары боюнча иштелип чыккан багыттарды аткарууга көмөктөшүүсүнө ишеним билдиребиз;

Кыргыз Республикасы инновация жана маалымат- коммуникациялык технологияларды колдонуу менен өнүгүүгө сапаттуу секирик жасоого умтулуусу санариптик технологияларды бардык чөйрөдө колдонуу менен туруктуу өнүгүү жолунда прогресске жана инклюзивдүү өсүшкө алып келээрине ишенебиз;

Туруктуу өнүгүүнүн үч негизи – экономикалык өнүгүү, социалдык турмушка катышуу жана айлана-чөйрөнү коргоо - «Таза коом» Программасын ишке ашыруу алкагында ылдамдай тургандыгын билдиребиз;

Кыргызстан үчүн маанилүү социалдык кызматтарды көрсөтүүдө (мисалы, саламаттыкты сактоо менен билим берүү кызматтарын онлайн-режиминде көрсөтүү) техникалык инновациялардын жетишкендиктерин колдонуу демилгечиси мамлекет институту болуп жаткандыгы маанилүү факт.

Билим алууга жана МКТга тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылуу адам потенциалынын өсүшүнө жана туруктуу өнүгүүгө жетүү үчүн маанилүү, бул деген коомдук ресурстарды башкарууда милдеттүү түрдө транспаренттүүлүккө, жумуш орундарынын пайда болушуна, дегеле калктын бакубаттуулугуна алып келет.

Башкарууну оптималдаштыруу кайра өндүрүү процессинин өсүшүнө дем берет. Жазы тилкелүү байланыштын кошулушун камсыз кылуучу «Таза коом» Программасынын жыйынтыгында өлкөнүн ИДП азыркыдан алда канча өсөөрүнө ишенебиз.

Жогорку технологиялык жумуш орундарынын пайда болушу экономиканын баардык секторлорунун өнүгүшүнө өбөлгө болооруна ишенебиз.

Кыргыз Республикасы өз мойнуна алган экономиканын өнүгүү чектерин көрсөтүүчү милдеттенмелердин алкагында (Париж макулдашуусу) «Таза коом» Программасы «жашыл» өсүштү түптөө боюнча негизги принциптерди дагы камтыйт. Парник газдарынын чыгындысы менен мыйзам деңгээлинде жана секторлорду өнүктүрүүнү пландоонун деңгээлинде чечкиндүү күрөшүү үчүн санариптик технологияларды жигердүү түрдө колдонуу менен чечимдерди кабыл алуу иштери башталат.

Көмүртектин чыгындысын алдын алуу жана мониторингди камсыз кылуу үчүн булут эсептери ишке кире баштайт.

Биз туруктуу өнүгүү Максаттарына жетүүдө «Таза коом» Программасынын салымын белгилеп кеткибиз келет:

– чың ден-соолук жана бакубаттуулук: электрондук саламаттыкты сактоо жана ийкемдүү саламаттыкты сактоо;

– сапаттуу билим берүү: электрондук билим берүү окутуу кызматтарына жеткиликтүүлүктү арттырат, ошондой эле жаштардын МКТ боюнча билим алуусу жумуштуулукка жана суроо-талапка жооп берген адистердин, татыктуу айлык акы болушуна өбөлгө түзөт;

– таза суу жана санитария: «акылдуу суу менен камсыз кылуучу системаларды» колдонуу менен суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жана калкты таза суу менен максималдуу түрдө камсыз кылууга болот;

– татыктуу жумуш жана экономикалык өсүш: МКТ-сектор жумуштуулукту жана квалификациялуу эмгекке керектөөнү камсыз кылат, гендердик дисбалансты төмөндөтүп, экономикалык өсүшкө жана бакубаттуулукка шарт түзөт;

– индустриялаштыруу, инновациялар жана инфраструктура: МКТ өз маңызы боюнча жаңы экономикалык инфраструктураны калыптандыруунун негизи жана драйвери болуп эсептелет;

– туруктуу шаарлар жана калктуу пункттар: «акылдуу шаарлар», айыл жашоочуларынын инфраструктураларга жеткиликтүүлүгү адамдардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот;

– климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү: МКТны өндүрүштө жигердүү пайдалануу менен парник газдарынын чыгындысын алдын алуу, мониторинг системаларынын жардамы менен төмөндөтүү; аналитикалык системалар;

– тынчтык, акыйкаттуулук жана эффективдүү институттар: санариптик өкмөт, санариптик кызматтар, санариптик демократия, ачык мамлекеттик маалыматтар;

– туруктуу өнүгүү максатында өнөктөштүк: МКТ-инновацияларында өнөктөштүк жана МКТ инструменттери аркылуу өнөктөштүк.

РЕЗЮМЕ

Биз Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү жолунда инновация, маалымат-технологияларды жана санариптик технологияларды колдонуу аркылуу сапаттуу секирик жасоого умтулуусун колдойбуз.

Биз туруктуу өнүгүү боюнча Глобалдуу максаттар менен айкалышкан «Таза коом» Программасын ишке ашырууда көп тараптуу кызматташтыкты колдоорубузду билдиребиз.

Биздин сунуштарыбыз «Таза коом» программасын ишке ашыруу учурунда чечим кабыл алуучу адамдарга, жалпы бир максатка – коррупциясы жок, ачык коомду курууга жетүү үчүн биригишкен өлкө лидерлерине, бизнес өкүлдөрүнө жана жарандык коомго пайдалуу болооруна ишенебиз.

Биз Эл аралык форумдун катышуучуларын «Таза коом» Программасын ишке ашыруу боюнча мындан ары дагы кызматташууга чакырабыз.

Биз «Таза коом» санариптик трансформация Программасынын бардык багыттары боюнча кызматташууну жана диалогду улантуу ниетибизди билдиребиз жана глобалдуу маалымат коомунун принциптерине, максаттарына жана туруктуу өнүгүү Максаттарына ылайык, өнөктөштүккө чакырабыз.

Пикир

Оставить комментарий