• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Таза коом” долбоору Темир Жумакадыровго арналат – Сапар Исаков

Таза Коом 0

Бишкек, 10.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Таза коом” долбоору вице-премьер-министр Темир Жумакадыродун жаркын элесине арналат. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков portal.tazakoom.kg – электрондук кызматтар порталын сунуштап жатып билдирди.

Иш-чара Жумакадыровдун урматына бир мүнөттүк аза күтүү менен башталды.

“Темир Жумакадыров мыкты кызматкер болчу. Ал мыкты дос жана санаалаш эле. Ал өз өлкөсүн сүйчү жана “Таза коом” долбоору ишке ашышын каалаган. Ал күнү-түнү иштечү. Сиздер билесиздерби ал “Жаңы доорго 40 кадам” программасын жазып жатканда Коргоо кеңешинин катчысы болуп кызмат өтөп жаткандыгына карабай жумушчу топтун мүчөлөрүнүн катарында болгон.

“Жаңы доорго 40 кадам” жана “Таза коом” долбоорлорунун жүрүшүндө Темир Курмангазиевич “Акылдуу шаарлар” менен иштей тургандыгын айткан болчу.

“Таза коом” долбоору Темир Жумакадыровдун элесине арнала тургандыгын жана аны ар дайым эстеп ал үчүн кызмат кыла тургандыгыбызды айткым келет. Жана ал үчүн аягына чейин бүткөрөбүз”,-деди ал.

Эске сала кетсек, 7-октябрда Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 36-чакырымында болжол менен таңкы саат 6.30 чамасында жол кырсыгы катталган. КамАЗ жана Toyota Land Cruiser Prado унааларынын кагылышынан 3 адам каза болгон - вице-премьер Темир Джумакадыров, анын айдоочусу Нурбек Муканов жана жардамчысы Нурлан Жамгырчиев.

Темир Жумакадыровдун артында аялы жана үч кызы калды.

Пикир

Оставить комментарий