• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Таза Коом" долбоорун ишке ашыруу боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 20.12.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун төрагалыгы астында бүгүн, 20-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы «Таза Коом» улуттук долбоорунун алкагындагы иш-чаралардын ишке ашырылышынын оңдуу динамикасын белгилеп, аны келечекте ыкчам ишке киргизүү үчүн натыйжалуу чараларды кабыл алуу зарылдыгына токтолду.

Кеңешменини жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановдун «Таза Коом» долбоорунун алкагындагы аткарылган иштер тууралуу отчету угулду.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн маалыматтык киоск» долбоорун киргизүү боюнча тийиштүү иштер өткөрүлгөн. Жалпысынан республика боюнча мамлекеттик кызмат алууга мүмкүн болгон 453 «киоск» орнотулган. 2017-жылдын 10-октябрынан тарта анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын линиясы боюнча жалпы суммасы 2 350 000 сомдук 46 150 мамлекеттик тейлөө көрсөтүлгөн.

Нурбек Абасканов маалымдагандай, мамлекеттик тейлөөнүн электрондук порталы киргизилип, ийгиликтүү иш алып барууда, учурда анда 19 мамлекеттик кызмат көрсөтүлөт. Порталга реалдуу убакыт режиминде өлкөнүн 4 коммерциялык банкы кошулган, андан тышкары порталда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн санын жогорулатуу боюнча иштер жүрүүдө.

Бүгүнкү күндө портал аркылуу өлкөнүн 117 жараны мамлекеттик кызмат алган. Сапар Исаков мамлекеттик тейлөөнүн электрондук порталына карай жарандардын жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөштүрүү максатында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине жана Мамлекеттик каттоо кызматына портал функцияларын пайдалануу үчүн кард-ридерлердин ордуна уюлдук телефондорду пайдалануу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары Мамлекеттик кадр кызматы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана Мамлекеттик каттоо кызматы тараптан «Адамдык ресурстардын учету» автоматташтырылган маалыматтык тутумдун төрт модулун иштеп чыгуу боюнча тыкыр иш-чаралар планын ишке ашыруу жүрүүдө, өз кезегинде ал мамлекеттик орган кызматкерлеринин персоналдык учетун электрондук форматка өткөрүүгө мүмкүндүк берет жана Премьер-министр Сапар Исаковдун айтымында, Өкмөттүн ишин жалпысынан электрондук форматка өткөрүү боюнча борбордук механизм катары болуусу тийиш. Сапар Исаков тийиштүү мамлекеттик органлдарга аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча чараларды ишке ашырууну тездетүүнү тапшырды.

Нурбек Абасканов кошумчалагандай, «Адамдык ресурстардын учету» автоматташтырылган маалыматтык тутумдун базасында парралеллдүү түрдө электрондук документ жүгүртүү тутумун иштеп чыгуу жүрүүдө. Анын айтымында, бул максатта “Түндүк” автоматташтырылган тармак аралык электрондук өз-ара аракеттенүү тутумун 6.0 версиясына чейин модернизациялоо иши аткарылган. Бул чара өлкөнүн мамлекеттик органдарынын маалыматтык базасынын бирдиктүү чөйрөсүн түзүүгө мүмкүндүк берет. Өкмөт башчы өлкөнүн бардык мамлекеттик органдарында электрондук документ жүргүзүүнү киргизүү боюнча бирдиктүү стандартты иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Сапар Исаков билдиргендей, аталган чара мамлекеттик чечимдердин кабыл алынышынын ыкчамдыгын кескин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Буга катар ЕРӨБ менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, «Электрондук патент» долбоорун киргизүү үчүн зарыл финансылык отчеттор сунушталгандыгы айтылды, бул атамекендик ишкерлерге ар-кандай ишмердүүлүккө уруксаат документтерди элекектрондук форматта алууга мүмкүндүк берет. Учурда техникалык көмөк бөлүү маселесин макулдашуу процесси жүрүүдө.

Архивдик документтерди массалык сканерлөө максатында санариптик маалыматтардын электрондук базасы үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу иши жыйынтыкталган жана аны маалыматтар базасына киргизүү иши жүрүүдө. Мындан тышкары, Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын базасында «Маалыматтарды санариптештирүү борборун» түзүү чечими кабыл алынган. Аталган чара өлкөнүн мамлекеттик органдарынын архивдерин электрондук форматка өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле Нурбек Абаскановдун айтымында, 2018-жылдын жазында балдардын билим берүү мекмелерине электрондук кезек тутумун киргизүүнү баштоо пландаштырылууда, ал коррупциялык көрүнүштөрдү жоюп, балдарды бала-бакчага орноштурууда социалдык айкындыкты орнотууга шарт түзөт. Андан соң мындай иштер мектептерге электрондук кезек киргизүү менен улантылат.

Өкмөт башчы Сапар Исаков архивдик документти сканерлөө процессине мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Буга катар КР Билим берүү жана илим министрлигине жана КР Ички иштер министрлигине жолдордогу унаа тыгындарынын алдын алуу максатында мектептердеги окуунун ар-түрдүү убакытта башталышын киргизүү мүмкүндүгүн иштеп чыгуу тапшырылды. Ошондой эле кылмыштарды электрондук каттоо боюнча автоматташтырылган маалыматтык тутумду ишке киргизүүнү тездетүү тапшырылды.

Кеңешменин жүрүшүндө МКК төрагасы Дастан Догоев маалымдагандай, чек ара көзөмөлүнүн автоматташтырылган тутумун «e-gates» интеграциялоо боюнча иштер жыйынтыкталган, ал өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана жүргүнчү жана чек арачынын байланышын жоюп, коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырат. Аны «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда ишке киргизүү 2017-жылдын декабрынын соңуна пландаштырылууда.

Ошондой эле «Гибрид почтасы» долбоорун ишке ашыруу максатында «Кыргыз почтасы» МИ тарабынан Бишкек шаарынын коммуналдык кызматтарынын эсептерин иштеп чыгуу жана бириктирүү боюнча малыматтык тутум иштелип чыккан. Учурда пилоттук долбоор Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринде ишке киргизилген. Долбоорду акырындык менен ири шаарларда, андан соң аймактарда ишке ашыруу каралууда. Аталган чара жарандарга ар-кыл коммуналдык тейлөө үчүн бирдиктүү төлөм эсебин алууга мүмкүндүк берет.

Өкмөт башчы ошондой эле тийиштүү органдарга СМС-билдирүүлөр жана электрондук почта аркылуу коммуналдык тейлөө үчүн эсептерди жөнөтүү мүмкүндүгүн иштеп чыгууну тапшырды.

Дастан Догоев маалымдагандай, Мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфраструктурасын иштеп чыгуу жүрүүдө, ал мамлекеттик органдар, физикалык жана юридикалык жактар үчүн, «Google maps» сыяктуу электрондук карталардын үлгүсүндө, мамлекеттик жана регионалдык мейкиндик маалыматтар ресурсу тууралуу маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

Буга катар кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министр Сапар Исаков «Акылдуу шаар» жана салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырды.

Өкмөт башчынын айтымында, алгачкы баскычта «Акылдуу шаар» долбоору Бишкек жана Ош шаарларында жана «Бишкек-Чолпон-Ата» жолунда ишке киргизилет. Сапар Исаков муниципалдык кызматтарга аны ишке ашырууга максималдуу көмөк көрсөтүүнү тапшырды. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин директору Эсенкул Момункулов маалымдагандай, «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлгөн, ал аркылуу бардык тийиштүү мамлекеттик органддар менен консультациялар жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары жакынкы арада «Huawei» жана «IBM» компаниялары менен аталган долбоорду ишке ашырууну баштоо боюнча инвестициялык келишимге кол коюулушу күтүлүүдө.

Кеңешме жыйынтыгында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин «Таза Коом» улуттук долбоорунун алкагындагы аткарган иштери тууралуу отчету эске алынды деген чечим кабыл алынды. Буга катар айрым иш-чаралардын өз мөөнөтүндө ишке ашырылбагандыгы белгиленди , буга байланыштуу тийиштүү мамлекеттик органдарга орун алган маселелерди ыкчам чечүү тапшырмасы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий